24.kg
11:50, 29 мая 2019, 24.kg

«Акнет» компаниясынын кызматкерлеринен чагымчылдыкка алдырбоону суранышууда

«Акнет» компаниясынын кызматкерлеринен чагымчылдыкка алдырбоону суранышууда. Бул тууралуу маалымат жыйында интернет-провайдердин негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Абдумажитовдун жактоочулары билдиришти.

Алардын айтымдарында, компаниянын президенти Кубан Ажимудиновдун кармалышынан кийин кызматкерлерди жумушка чыкпоого чакырышууда.

«Былтыркы жылдагы окуя дагы кайталанат деп коркуп жатабыз. Мындан улам ««Акнетте» болуп жаткандарга тиешебиз жок деп расмий түрдө билдиребиз. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, жумушту токтотуу максатында кызматкерлерди ишке келбегиле деп үндөшүүдө», -деди жактоочу Азамат Асанбеков.

Эске салсак, кечээ компаниянын президенти Кубан Ажимудинов, «Строй сеть» ЖЧКнын башкы бухгалтери Л.И. жана башкы директор Б.Е. кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18