Өкмөт бүгүнкү күндө суроо-талап жогору болгон 10 адистикти атады
Билим берүү жана илим министрлиги жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан эмгек ресурстарынын суроо-талабын божомолдоо ыкмасынын негизинде 2018-2022-жылдарга карата адистиктердин суроо-талап картасы жаңыланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.
Бүгүнкү күнү суроо-талап жогору 10 адистикке маалыматтык коопсуздук, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму, тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы, технологиялык машиналар жана жабдуулар, медицина, менеджмент жана маркетинг, агрардык инженерия, курулуш, билим берүү кирет.
2018-жылы кабыл алуу компаниясынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон абитуриенттер төмөнкү адистиктерге жана багыттарга гранттык окутуу боюнча даярдоого кабыл алынган: программалык инженерия, дарылоо иши, продуктулар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу, педиатрия, лингвистика (англис тили), психология, маалыматтык коопсуздук, колдонмо математика жана информатика, медициналык-алдын алуу иши, малдан алынган азыктар технологиясы жана өндүрүшү.
Өткөн жылы гранттык орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: компьютердик технология адистиктери — 485, өнөр жай — 425, айыл чарба — 415, саламаттык сактоо — 405, педагогика — 375, курулуш — 260, тоо-кен иштетүү өнөр жайы — 215, гуманитардык адистиктер — 115, башкаруу — 95, транспорт — 90.