24.kg
15:20, 28 мая 2019, 24.kg

Талапкерлиги колдоого алынбаган Тилек Токтогазиев Чодуевди ачык дебатка чакырды

Айыл чарба министри кызматына талапкерлигин койгон жеке ишкер Тилек Токтогазиев аталган кызматка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган Эркинбек Чодуевди ачык дебатка чакырды. Бул тууралуу жеке ишкер өздүк баракчасына жазды.

Тилек Токтогазиев 2 миң сом менен ишкерлигин баштап, миллиондук долбоорлорго жеткенин айтып, өзүнүн ийгилиги тууралуу жазган.

«Мен быйыл 29 жашка толом. 10 жылдан ашык бизнесте тажрыйбам бар. 2 миң сом менен ишти баштап, азыр миллиондук долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Эл аралык долбоорлорду дагы ишке ашырып жүрөбүз. Жашты карабай, стратегияны, программаны, тажрыйбаны бааласа жакшы болот эле. Мен системанын кишиси эмесмин. Системаны түп тамыры менен өзгөртөм.Тилеке каршы, премьер-министр системанын кишисин колдоду. Ал киши 5 жылдан бери айыл-чарба министрлигинде министрдин орун басары болуп иштеп жүрөт. Кризиске алып келген команда. Булар жоопкерчиликти алыш керек.
Ошол үчүн, мен расмий түрдө Чодуев Эркинбек байкени ачык дебатка КТРКнын эфирине чакырам! Эл өзү тандасын», — деди жаш ишкер.

Өкмөт башчы Айыл чарба министрлигине талапкерлигин койгон ишкерди колдогон эмес. Ал кадрларды тандоодо жаштыкка гана таянбастыгын айтып, «Тилек Токтогазиев — жаңыча көз караштагы жаш ишкер. Күнөскана менен алектенет. Бирок, жаштык менен билимден сырткары тажрыйба дагы керек деп ойлоймун», -деген.

Эске салсак, Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин «Бир-Бол» фракциясы сунуштаган. Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кызматка Эркинбек Чодуевду сунуштады. Ал 55 жашта, Айыл чарба министринин орун басары болуп иштейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18