24.kg
11:43, 28 мая 2019, 24.kg

Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн 267 батирлүү 9 турак жай курулган

Акыркы бир жарым жылда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн 267 батирлүү 9 турак жай курулган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Куралдуу Күчтөрдүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта айтты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн, ушул эле мезгилде курулган 96 батирлүү 4 үй бар.

«Азыркы учурда аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу улантылып жатат жана менин жеке көзөмөлүмдө турат. Ушул жылы Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн 379 батирлүү 6 үйдүн курулушу жүрүп жатат. Анын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн 88 батирлүү 4 үй курулууда», -деди президент.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18