24.kg
11:40, 28 мая 2019, 24.kg

Президент: Баатырларча курман болгон 39 чек арачы эскерилет

Бүгүн мекен алдындагы өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, баатырларча курман болгон 39 чек арачы эскерилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Куралдуу Күчтөрдүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта айтты.

«Курман болгон офицерлердин ысымдары чек ара заставаларына ыйгарылды. Бүгүн аты аталбай калган чек арачылардын элесине башыбызды ийип, таазим этебиз», -деди мамлекет башчы.

Ал ар кандай терроризм жана экстремизм коркунучтары болуп жаткан мезгилде чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок экенин баса белгиледи.

«Мамлекеттик чек арабызга, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө — учурда аскердик эмес, көбүнчө криминалдык жана экстремисттик-террористтик мүнөздөгү коркунучтар жаралып жатат. Чек арада ар түрдүү деструктивдүү күчтөр мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемдигин, чек арачылардын эркин текшерүүдө. Өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн, биринчи кезекте, чек арабыз бекем болушу зарыл», -деп кошумчалады мамлекет башчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18