24.kg
11:15, 28 мая 2019, 24.kg

Депутат Бишкекте жайгашкан нефтебазалардын коопсуздугуна кызыкты

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары борбор калаада жайгашкан нефтебазалардын коопсуздугуна кызыгышты. Маселени депутат Сейдахмат Исмаилов көтөрүп чыкты.

Ал күндүн темасына Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын Бишкекте жайгашкан нефтебазалардын абалы тууралуу маалыматын киргизүүнү суранды. Депутат жакын Жалал-Абадда болгон өрт кырсыгы тууралуу эскертип өттү.

«Бизде баш калаанын борборунда бир канча нефтебаза бар, айрымдары калктуу аймактан 10 метр аралыкта жайгашкан. Алар канчалык деңгээлде коопсуз?», -деп суроо узатты депутат.

Депутат Алмазбек Уланов маселе тыкыр иликтенүүнү талап кылат деп, алгач аны фракция менен комиссиянын отурумунда кароону сунуштады.

«Бүгүн Экотехинспекциянын өкүлдөрү жөн гана маалымат беришет, бирок жыйынтык болбойт. Сапаттуу карап чыгыш керек. Эгерде кандайдыр бир бузуулар болсо, анда чечим кабыл алыш керек», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18