24.kg
16:26, 27 мая 2019, 24.kg

Кыргызстанда 3 жыл ичинде балдарга карата кылмыштуулуктун саны өстү

Кыргызстанда 3 жыл ичинде балдарга карата кылмыштуулуктун саны өстү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

2018-жылы өспүрүмдөргө карата 1 миң 368 кылмыш катталган. 2017-жылы 1 миң 107, ал эми 2016-жылы 862 кылмыш каттоого алынган.

«2017-жылы кылмыштардын саны 28 пайызга көбөйгөн. Былтыр 24 пайызга көп катталды. Жыл сайын өсүү динамикасы байкалууда. Былтыр Бишкекте балдарга карата кылмыштар 62 пайызга, Талас облусунда 60 пайызга, Ош облусунда дээрлик 44 пайызга көбөйгөн», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18