24.kg
15:44, 27 мая 2019, 24.kg

Дамир Мусакеев тергөө абагындагы кармоо абалына нараазы эмес

Мыйзамсыз батир берүү боюнча айыпталып соттолгон УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы Дамир Мусакеев тергөө абагындагы кармоо абалына нараазы эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, улуттук борбордун кызматкерлери бүгүн Дамир Мусакеевди зыярат кылышты.

«Ал мурунку күч органдарынын кызматкерлери менен бирге отурат. Администрация тарабынан начар мамиле болбогонун жана нааразычылыктары жок экенин айтты. Буга чейин Дамир Мусакеевдин жакындары зыярат кылуу боюнча суранышкан эле», -деди Нурдин Сулайманов.

Аскер прокуратурасы буга чейин мыйзамсыз баюу беренеси боюнча Дамир Мусакеевге кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2010-2017-жыл аралыгында ал жалпысынан 20 миллион сомго кыймылсыз мүлк сатып алган.

Дамир Мусакеев 2018-жылдын 4-апрелинде кызматтан алынган. Ага 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылгандыгы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылган. Мындан тышкары ага мыйзамсыз батир берүү айыбы коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18