24.kg
13:38, 27 мая 2019, 24.kg

Улан Саляновдун өлүмү. Дагы бир шектүү Орусиядан алынып келинди

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү жаран Орусиядан Бишкектеги № 1 тергөө абагына алынып келинди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москвадагы № 4 тергөө изоляторунун федералдык кармоо мекемесинен атайын кайтаруу менен мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Токмок шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Абыкулов Асанэмир аттуу жаран алынып келинди. Ал оор кылмыш жасагандыгы жана алдамчылык иш-аракеттери үчүн издөөдө жүргөн. 

Эске салсак, 2017-жылдын ноябрында түн ичинде азиат түспөлүндөгү 3 белгисиз адам Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар ок атуучу куралды колдонушуп, үйдүн ээси Улан Саляновго карата ок чыгарышып, андан соң изин жашырышып качып кетишкен. Алган жаракатынан улам 1975-жылы туулган Улан Салянов каза болгон.

Аталган кылмыш ишине тиешеси бар Абыкулов Асанэмирдин кайда жүргөнү анык болгон. Ал Москвада колго түшүрүлгөн. Аны өз өлкөсүнө кайтаруу маселеси Кыргызстан менен Россия Федерациясынын Башкы Прокуратуралары тарабынан чечилген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18