24.kg
11:51, 27 мая 2019, 24.kg

Нурсултан Назарбаевге Түрк кеңешинин өмүр бою президенти деген наам ыйгарылды

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк кеңешинин өмүр бою президенти деген наам ыйгарылды. Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматтарга караганда, демилге Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга тиешелүү. Аны Түрк кеңешине мүчө бардык өлкөлөрдүн лидерлери колдогон. Наам Нурсултан Назарбаевдин түрк дүйнөсүнүн биригишине жана түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциялык уюмунун түзүлүшүнө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Коңшу өлкөнү 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев быйыл мартта кызматынан кетерин жарыялап, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Сенаттын спикери Токаевге өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18