24.kg
10:53, 27 мая 2019, 24.kg

Ошто жеңил унаа оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен

Ош шаарында оор жүк ташүүчу унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 2 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-майда Ош шаарынын С.Касымбеков көчөсүндө «Дэу Нексия» унаасы алдындагы унаадан ашып кетүүгө аракет кылып, карама каршы тилкеге чыккан. Ошол маалда оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Кесепетинен «Дэу Нексия» унаасынын айдоочусунун жана бир жүргүнчүсүнүн буту сынган.

Учурда аталган факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18