24.kg
10:28, 27 мая 2019, 24.kg

Казакстанда батут оодарылып, 11 жаштагы бала мерт болду

Карагандыда 11 жаштагы баланын өмүрүн алган окуядан кийин үйлөтмө батуттун ээси кармалды. Бул тууралуу облустун полиция департаменти билдирди. Маалыматтарга караганда, Караганды шаарынын 40 жаштагы тургуну коопсуздукту камсыздабай, батутту мыйзамсыз орноткону үчүн камакка алынган. Кылмыш иши козголду.

25-май күнү катуу шамаалдан улам батут оодарылып кетип, анын кесепетинен 11 жашар бала мерт болгон, дагы үчөө жаракат алган. Алардын экөө ооруканага жаткырылды.

Дарыгерлердин билдиришинче, жети жаштагы кыз башынан жаракат алган, мээси чайкалган, кабыргалары сынган, денеси көгөргөн. 15 жаштагы баланын буту жана омурткасы сынган, бактыга жараша жүлүнгө доо кеткен эмес.

2018-жылы май айында Карагандыда катуу шамаал болуп, балдар ойноп жүргөн батут айрылып, беш бала ооруканага түшкөн. 2017-жылы Павлодарда батут оодарылып, төрт бала жаракат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18