24.kg
09:08, 27 мая 2019, 24.kg

Мектепке чейинки билим берүүдө социалдык долбоор иштей баштайт

Ушул жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор башталат. Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, долбоордун алкагында мамлекет жеке менчик бала бакчалар көрсөткөн кызмат үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50 пайызын өзүнө алууга даяр.

Социалдык кызмат үч жаштан беш жашка чейинки курактагы балдарга каралган. Ага көп балалуу үй-бүлөлөр (5 жана андан көп бала), аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон кожолуктар, атасы же энеси I же II топтогу майып болгон балдар, ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер болуп, алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон ашпаса катыша алат.

Ал үчүн ата-энелер өтүнмөлөрүн Билим берүү жана илим министрлигине жибериши керек. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында (edu.gov.kg) бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18