24.kg
08:38, 27 мая 2019, 24.kg

Өзбекстанда эки окуучу токко урунуп мерт болду

2-майда Наманган облусунун Пап районунда 11-класстын эки окуучусу электр тогуна урунуп каза тапты. 67-мектептин директору Гүлнара Кадырова трагедия сабактан кийин болгонун билдирди.

«Балдар мектептен чыгып, үйлөрүнө жөнөшкөн. Жолдо алар кафеге кирип, балмуздак алууну чечишкен. Бул убакытта кафе кызматкерлери балмуздак жасай турган аппараттагы токту жерге киргизүү үчүн анын эки зымын алып чыгып, арыкты бойлогон тосмого илип коюшкан. Балдардын бири арыкка колун жууйм деп, бир колу менен тосмону кармап, экинчи колун сууга салган. Ошол маалда аны ток тартып, арыкка кулаган. Классташы эмне болгонун түшүнбөй, арыкка түшүп, досун алып чыгам деген маалда аны дагы ток урган», — деди мектеп директору.

Анын айтымында, окуучулар ооруканага жетпей каза тапкан.

Укук коргоо органдары эки мектеп бүтүрүүчүсү балмуздак саткан кафенин жанынан өлгөнүн тастыкташты, бирок кеңири маалымат беришкен жок.

Маркум балдардын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18