24.kg
17:10, 24 мая 2019, 24.kg

Бишкектин базарларынан 4 саат ичинде ВИЧке кабылган 5 киши аныкталды

Бүгүн Бишкектеги «Орто-Сай», «Ош» жана «Аламүдүн» ири базарларында каалоочулар ВИЧ тестирлөөдөн өтүп жатышат. 4 саат аралыгында ВИЧке кабылган беш адам аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Партнерская сеть» ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев билдирди.

Айтымында, демилгени СПИД республикалык борбору менен ассоциация көтөрүп чыккан.

«Саат 11.00дөн баштап ыктыярчылар тобу базардагы жарандарды тесттен өтүүгө чакырышты. Тест 99,5 пайыз так жыйынтык чыгарат. Саат 14.00гө карата тесттен 300 киши өтүп, арасынан 5 киши ВИЧке кабылганы маалым болду», — деди Айбар Султангазиев.

Айтымында, 300дү 5ке бөлсө, 2 пайызды түзөт. «Эгер калктын 2 пайызы ВИЧ менен жабыркаса, толук кандуу эпидемия тууралуу сөз кыла берсе болот», — деди ал.

ВИЧ илдети табылган жарандар СПИД борборуна кайрадан анализ тапшыруу үчүн жөнөтүлдү.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18