24.kg
16:10, 24 мая 2019, 24.kg

Кара-Кулжада 35 метр бийиктиктен унаа кулап, ичиндеги 4 киши каза болду

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 35 метр бийиктиктен унаа кулап, ичиндеги 4 киши каза болду. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы 1 жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

23-майда Кызыл-Жар айылынын 1991-жылы туулган тургуну «УАЗ» үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдун четине чыгып кеткен. Унаа Тар дарыясына 35 метр бийиктиктен оодарылган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, анын жубайы жана 2 жүргүнчү окуя болгон жерден каза болушкан. Дагы бир жүргүнчү денесинен ар кандай жаракат алып, Кара-Кулжа районунун аймактык ооруканасына жеткирилди.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18