24.kg
13:46, 24 мая 2019, 24.kg

Бишкекте жол кырсыгынан каза болгондордун саны 6,5 пайызга кыскарды

Бишкектин жолдорунда 3 ай аралыгында жол кырсыгынан каза болгондордун саны 6,5 пайызга кыскарды. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Иманалы Саркулов билдирди.

Айтымында, 4-марттан 23-майга чейин жол кырсыктарынын саны баш калаада 1,5 пайызга кыскарган. Ал эми өлүмдүн саны былтыркыга салыштырмалуу 6,5 пайызга кыскарган.

Чүй облусунда жол кырсыктарынын саны 2,1 пайызга, каза болгондордун саны 33,5 пайызга азайган.

Бишкекте камера орнотулган аймактарда жол кырсыктарынын саны 60-70 пайызга кыскарган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18