24.kg
13:38, 24 мая 2019, 24.kg

Казакстанда кудукка түшүп кеткен төрт коммуналдык кызматкер мерт болду

23-майда Нур-Султанда «Астана су арнасы» коммуналдык ишканасынын төрт кызматкери иш учурунда өлүмгө дуушар болду. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Комитет кабарлагандай, алты кызматкер канализациялык насос станциясы демонтаж менен алектенип жатканда бирөө кудукка түшүп кеткен. Калгандары аны куткарууга аракет жасашкан, бирок төмөн түшкөндө эс-учтарын жоготушкан. Анын кесепетинен төрт киши каза тапты, бирөө ооруканага жеткирилди, анын абалы туруктуу.

Өзгчө кырдаалдар комитетинин башчысы Владимир Беккердин айтымында, жумушчулар кырсык маалдында респираторсуз иштеп жатышкан.

Окуя иликтенүүдө. Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги атайын комиссия түздү.

Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн үч метр суюктук толгон 10 метрлик резервуардан алып чыгышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18