24.kg
11:26, 24 мая 2019, 24.kg

ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнөлүк дүң продукциянын төрттөн бир бөлүгүн чыгарат

Бүгүн ШКУнун жоопкерчилик аймагы — бул 3 миллиард адамдан ашуун калкы бар Евразиянын территориясынын 60 пайызынан көбүрөөк жери. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышында айтты.

Анын айтымында, ШКУга мүчө мамлекеттер биригишип, бүт дүйнөлүк дүң продукциясынын төрттөн бир бөлүгүн чыгарат.

«ШКУ өз ара ишенимди бекемдеген, достукту жана жакшы коңшулукту карманган, мүчө мамлекеттердин ар тараптуу аракеттенишүүсүн бекемдеген маанилүү жана иштиктүү механизми болуп саналат. Кыргызстан ШКУнун активдүү катышуучусу болуп саналат. Биз ШКУдагы өзүбүздүн катышуубузду бардык векторлор боюнча өнүктүрүп жатабыз: саясий, экономикалык, коомдук-социалдык, гуманитардык жана маданий. Кыргызстан үчүн ШКУга мүчө мамлекеттер экономиканы өнүктүрүү жана геосаясий коопсуздукту камсыздоо боюнча негизги өнөктөштөр болуп саналат», -деди мамлекет башчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18