24.kg
10:15, 24 мая 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышына катышууда

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышына катышууда. Иш чара Кыргызстандые ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулган.

Медиафорумга мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУ Катчылыгынын, алдыңкы катардагы ЖМКлардын өкүлдөрү, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа эксперттери, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр чакырылган. Медиа форумдун негизги темасы: «Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу». Катышуучулар медианы өнүктүрүүнүн заманбап трендин жана ШКУнун жалпы маалымат мейкиндигин өнүктүрүү маселесине бирдиктүү мамилени талкуулашат.

Форумдун жүрүшүндө «ШКУ өлкөлөрүнүн медиа ресурстар каражаттары аркылуу ШКУнун платформасын динамикалуу илгерилетүү» жана «ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКларынын өз ара эффективдүү аракеттешүүсү үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү» темалары боюнча сессияларды өткөрүүү күтүлүүдө.

Эске салсак, Бишкекте ШКУ алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин башчыларынын, Тышкы иштер министрлеринин, Маданият жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйындары өткөрүлдү. ШКУга мүчө мамлекеттердин Бизнес форуму жана Аялдар форуму болуп өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18