24.kg
10:55, 24 мая 2019, 24.kg

Айыл чарба министри кызматтан эмнеге кеткенин айтты

Нурбек Мурашев Айыл чарба министрлигинин башчысы кызматынан эмнеге кеткенин 24.kg агенттигине айтып берди. 

Билдирүүсүнө ылайык, анын ден соолугунда көйгөйлөр бар, кан басымы жогору, мындан улам дарыланышы керек. «Күн сайын 10 чакырым аралыкты жөө басыш керек. Буга качан жетишем? Күн сайын жумуштамын. Саат 8де ишке келем, түнкү 10го чейин эмгектенем. Картошкадан улам ушундай болду, бирок мен буга таарынбайм. Ден соолугумду чыңдап алып, Жалал-Абаддагы чарбачылыгым менен алектенем», -деди Нурбек Мурашев.

«3 жыл бою министр болуп турдум, эч ким мындай узак иштеген эмес. Мен иштей алдым, бирок баалашкан жок», -деди ал.

Нурбек Мурашев дайыма көңүл чордонунда жүргөн, анын дарегине карата көп сын айтылган министр. Буга чейин эффективдүү эмес министр катары «кара көлөч» антисыйлыгы ыйгарылган болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18