24.kg
11:50, 24 мая 2019, 24.kg

Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки аныкталды

Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып келинген Тажикстандын аксиздик маркасы бар тамеки табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааны каржы полициясы менен тартип сакчылары токтотушкан. Текшерүү маалында унаадан 16 миң пачка тамеки табылган.

Айдоочунун берген маалыматы боюнча тамеки аткезчилик жолу менен ташылып келинген. Ал Бишкектин базарларында сатылмак. Товардын жалпы баасы 800 миң сомду түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18