24.kg
08:47, 24 мая 2019, 24.kg

Кыргыз-өзбек тарап чек арада биргелешкен ыкчам топторду түзүүгө ниеттенүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара мекемелери жергиликтүү тургундардын катышуусу менен кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди чече турган биргелешкен ыкчам топторду түзүүнү пландап жатышат.

Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, бул тууралууэки өлкөнүн чек ара мекемелеринин Наманганда өткөн жолугушуусу маалында сөз болду. Анда тараптар чек арадагы абалды жана андагы ыктымал коркунучтарды дагы талкуулашкан.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар былтыр эки өлкөнүн чек ара макемелеринин өкүлдөрүнүн жолугушууларынын саны 21 пайызга, чек ара тилкелерин биргеликте көзөмөлдөө учурлары 20 пайызга көбөйгөнүн белгилешти. Жалпысынан өткөн жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы мыйзам бузуулар бир топ азайган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мурдараак Кыргызстандын Чек ара кызматы 2018-жылы өлкө чек араларында 11 жаңжал катталса, алардын жетиси кыргыз-тажик, ал эми төртөө кыргыз-өзбек чек арасына туура келгенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18