24.kg
08:37, 24 мая 2019, 24.kg

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Жогорку сотко кайрылышты

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча Жогорку cотко кайрылышты. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын штабы «Азаттыкка» маалымдады.

Буга чейин саясатчынын адвокаттары жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бирок башкы көзөмөл органы бул боюнча Жогорку cотко кайрылууну сунуш кылып, арызды кароодон баш тарткан.

Жогорку сот 23-апрелде Текебаевдин жана Чотоновдун ишин карап, чегерилген жазанын алардын мүлкүн конфискациялоо боюнча бөлүгүн алып салып, калган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18