24.kg
17:55, 23 мая 2019, 24.kg

Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сотто Акылбек Жапаров сурак берет

Биринчи Май райондук сотунда мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча соттук териштирүү болду. Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу күбөлөрдүн көбү сотко келбегендиктен, башка күбөлөрдүн сурагын жарыялоону суранды.

Жактоочу Икрамидин Айткуловдун айтымында, Жазык процессуалдык кодекстин нормасы боюнча күбөлөрдүн жүйөөлү себеби болушу керек. Ал эми бүгүн келбеген күбөлөрдүн себеби документ түрүндө көрсөтүлгөн эмес.

Молдомуса Конгантиев баарын сотко чакырууга муктаждык жок деп айтты. Анын баары кызматтык милдетин аткарып жатышкан, алардын өзүнө тиешеси жок экенин кошумчалады. «Акылбек Жапаровду гана чакырыш керек, ал Апрель окуясында Таласта болгон», -деди ал.

Соттун отуруму 11-июнга жылдырылды.

Эске салсак, мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулганын 24.kg агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирген. Анын айтымында, кылмыш ишинин токтотулушу милициянын генералы кылмыштын курамында болбогондугу менен түшүндүрүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18