24.kg
14:15, 23 мая 2019, 24.kg

Былтыр таза суу секторуна 250 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн

Былтыр таза суу секторуна 250 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Аймактар үчүн Таза Суу» форумунда билдирди.

Айтымында, 2014-жылы таза суу меслесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 миллион сом акча каражаты каралган.

«Эми бул сумманы дагы көбөйтүп, 500 миллион сомго жеткирүү каралып жатат. Ар бир айылды суу менен камсыздоо менин жеке көзөмөлүмдө болот. Бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу жана рационалдуу пайдалануу менен бирге, таза суу долбоорунун биринчи этабында (2001-2009-ж.ж.) кетирилген кемчиликтерди, коррупциялык көрүнүштөрдү кайталоого жол берилбеш керек», -деди президент.

Таза суу долбоорунун биринчи этабынын алкагында 47 кичи долбоор текшерилип, анын 18и боюнча Башкы прокуратурага материалдар өткөрүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18