24.kg
13:52, 23 мая 2019, 24.kg

Өкмөткө калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду

Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Аймактар үчүн Таза Суу» форумунда айтты.

«Бүгүн Таза суу долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен жыйырма шаарыбызда 11 миллиард 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны — кредиттик түрдө, 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат», -деди мамлекет башчы.

Айтымында, ЕБРР, ЕС жана Швейцария Өкмөтү тарабынан 2019 — жылдан баштап, шаарлардан тышкары, айыл жерине да инвестиция тартуу жаӊыдан башталганы турат.

«Ошондой эле, айыл жергесин таза суу менен камсыздоого Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Катар кайрымдуулук фонду, Ас-Сафа жана Ас-Салам фонддору жакындан жардам көрсөтүп жатышат», -деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18