24.kg
13:47, 23 мая 2019, 24.kg

Тарых музейин оңдоо боюнча кылмыш ишин иликтөө аяктады

Кыргыз мамлекеттик тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоо боюнча кылмыш ишин иликтөө аяктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК кылмыш ишин сотко берүү үчүн прокурорго өткөрүп берди.

Билдирүүгө караганда, айып мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковго, президенттин аппаратына караштуу жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Мира Карыбаевага, Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басары Алмазбек Абдыкаровго, Турак-жай-жарандык курулуш департаментинин мурунку башчысы Шайбек Атамбековго, анын орун басары Улукбек Матисаковго, «СМУ-3» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеевге тагылган.

Башкы прокуратура аталган маалыматты тастыктады.

Эске салсак, 2018-жылы жайында Башкы прокуратура тарых музейи үчүн жабдыктарды сатып алууга жана имаратты оңдоого бөлүнгөн бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген чыгым 307 миллион 650 миң сомду түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18