24.kg
13:33, 23 мая 2019, 24.kg

Казакстан Кыргызстандан жашылча-жемиш ташууга киргизген чектөөнү алды

Казакстан Кыргызстандан ташылчу картөшкөгө, курмага жана алмага салынган убактылуу фитосанитардык чектөөнү алды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Ага ылайык, чектөөнү алуу жөнүндө чечим эки тараптын 13-14-майда Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган. Мындан сырткары, чектөө эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери карантиндик көзөмөл боюнча жол картасына байланыштуу кол койгон протоколду ишке ашыруунун алкагында алынды.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына коюлган. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар Комсток — Pseudococcus comstocki (Kuwana), Globodera rostochiensis нематодалары (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген. Дыйкандар 200 миң тоннадай картөшкө сатылбай, чирип жатканын айтып арызданышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18