24.kg
14:50, 22 мая 2019, 24.kg

Кыргызстандан Орусияга жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштургандар жооп берет

Кыргызстандан Орусияга мыйзамсыз миграцияны уюштуруу тууралуу чуулгандуу кылмыш ишин иликтөө аяктады. Учурда окуяга катышты бар жарандар иликтөөнүн материалдары менен таанышууда. Бул тууралуу «Коммерсантъ» жазды.

Photo 119960

Кошумчалай кетсек, мыйзамсыз миграцияны уюштургандарга пара бергендерди Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) жана полиция калкалап келген.

Аскердик тергөө башкармалыгы ФККнын мурунку кызматкери Владимир Безруовго, атайын кызматтын капитаны Николай Комаровго жана миграция маселелери боюнча болүмдүн башчысынын орун басары Юрий Васильевге айып такты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, капитан Безруков подполковник Васильевдин жардамы менен Кыргызстандан Орусияга жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштурган. Кардарларды ишкерлер Алмаз Караев менен Анар Сеидов таап берип турушкан. Алар кыргызстандыктардан акча алып, полицияга жана чекистке өткөрүп берип турушкан. Мигранттарды каттоодо капитан Комаров жардамга келген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча аталган топ 100дөгөн мигранттардын келишин легалдаштырып, бул үчүн 7,5 миллион рубль тапкан.

Күч органдарынын кызматкерлерине ири өлчөмдө пара бергендиги тууралуу көрсөтмөнү ишкер Анар Сеидов берди. Ал байланышуу тууралуу сотко чейинки келишимге кол койгондуктан, анын кылмыш иши башка өндүрүшкө бөлүндү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18