Маалыматтык технологиялар комитетин башкарууга Дастан Догоев сунушталды
Кошумчалай кетсек, өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентке бош кызматтык орунга Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.
Президент Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин, үч күндүк мөөнөттө өкмөттүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.