24.kg
11:33, 22 мая 2019, 24.kg

Өткүрбек Жамшитовго «кара көлөч» антисыйлыгын тапшыруу сунушталды

Депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго эффективдүү эмес жетекчи катары «кара көлөч» антисыйлыгын тапшырууну сунушташты. Бул тууралуу Жогорку Кенештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина айтты.

Анын пикиринде, баардык телеканалдарда, ал тургай орусиянын каналдарында Кыргызстандан контрабандалык жүк чыгып жатканын, ал эми самаралык бажы аларды кармап жатканын көрсөтүүдө.

«Мурда бул суроону Бажы кызматынын башчысына беришчү, бирок анын отчету боюнча өлкөдө баары нормалдуу. Бирок, бул чындыкка дал келбейт. Суроону Башкы прокуратурага дагы бериш керек. 5-чакырылышта башкы прокурор депутаттардын биринчи чакырганына эле келчү, азыр болсо жок. Өткүрбек Жамшитовго Айыл чарба министрлигинин башчысына берилген сыяктуу «кара көлөч» сыйлыгын бериш керек», -деди Ирина Карамушкина.

Эске салсак, буга чейин Айыл чарба министрлигинин башчысы Нурбек Мурашевге «кара көлөч» антисыйлыгы тапшырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18