24.kg
11:15, 22 мая 2019, 24.kg

Аткезчиликтин айынан бюджетке 3 миллиард сомго жакын каражат түшпөй жатат

Депутаттар өкмөттөн контрабандалык күйүүчү майга каршы күрөшүү боюнча аткарылган иштер тууралуу отчетту талап кылышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар айтышты.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, аталган көйгөй чегинен ашууда.

«Биз ар дайым инвесторлорду тартуу керек деп айтып келебиз. Бирок, өлкөдө контрабандалык күйүүчү май болсо, аларды кантип тартабыз? Нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майдын аткезчилик менен ташылып келгенине нааразы. Экономика министрлиги менен Бажы кызматы эмнени карап отурушат? Кандай инвестор ушундай шартта иштейт? Бюджетке ири каражаттар түшпөй жатат. Алардын эсебинен мугалим жана дарыгерлердин айлык акысы берилет», -деди депутат Бакирдин Субанбеков.

«Министрлер кабинети аталган маселеге карата эч кандай жооп бере элек. Аткезчиликтин айынан бюджетке 3 миллиард сомго жакын каражат түшпөй жатат. Биз эмне 20 контрабандисттин капчыгын калыңдатуу үчүн иштеп жатабызбы?», -деп нааразы болду депутат Кожобек Рыспаев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18