24.kg
09:31, 22 мая 2019, 24.kg

Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы Саадат АКШдагы Diablo Valley колледжинде окуйт

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кичүү кызы Саадат АКШдагы Diablo Valley колледжинде окуйт. Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы Саадатты Бишкектеги Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде окуйт деп билдиришкен. 

Photo 119873

Буга чейин берилген маалыматка ылайык, өкмөт башчынын 4 баласы бар, алардын үчөө студент. Улуу кызы Ажар БААУда, уулу Абир Саадат окуган окуу жайда билим алаары, кичүү уулу бакчага бараары айтылган. 

Аталган маалымат чындыкка дал келбей турганы анык болду. Саадат Дүйшекеева «Айчүрөк» кыргыз-түрк лицейин аяктаган. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган. Социалдык түйүндүн колдонуучулары сүрөт жүктөп, Саадат Дүйшекееваны белгилеп коюшкан. Алардын арасында америкалык колледждин студенттеринин бирге түшкөн сүрөтү бар. Анда Саадаттан башкалары дагы белгиленген, алардын баракчаларында Diablo Valley колледж деп окуган жайы белгиленип турат.

Маалыматка таянсак, бул жылы Саадат Дүйшекеева колледжди аяктайт.

Аталган окуу жайдын расмий баракчасында окуу жайга төлөнө турган баалар көрсөтүлгөн. Анда колледжде окуу үчүн бир жылга 23,5 миң доллар акы төлөнөрү жазылган.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18