24.kg
08:43, 22 мая 2019, 24.kg

Украинада парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт

Украинада кезексиз парламенттик шайлоо 21-июлга белгиленди. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Зеленский кол койгон парламентти таркатуу тууралуу жарлыкта жазылган. Документ мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Дүйшөмбү күнү президент катары ант берген Зеленский парламентти тарката турганын айтып, өкмөттү отставкага кетүүгө чакырган. Кийинчерээк ал бул чечимин депутаттарга элдин ишеними төмөн экендиги менен түшүндүргөн.

21-майда Зеленский Жогорку Раданы таркатуу планын парламенттин төрагасы жана фракция лидерлери менен талкуулаган.

Украинадагы эл аралык социология институту апрелде жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, эгер парламенттин шайлоо өткөн жекшемби күнү болгондо, беш пайыздык чектен төрт партия өтмөк. Зеленскийдин жаңы түзүлгөн «Эл кызматчысы» партиясы добуштардын 29,5 пайызын, Орусия менен мамилени оңдоону жактаган «Оппозициялык платформа» 8,1 пайыз, Петр Порошенконун «Тилектештик» блогу 7,8 пайыз жана Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы 6,7 пайыз алмак.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18