24.kg
14:05, 21 мая 2019, 24.kg

ИИМ: Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин иши боюнча сурак берип чыкты

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев суракка алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Буга чейин Башкы прокуратура ИИМдин тергөө кызматына сотко чейинки териштирүү ишин жүргүзүү тапшырмасын берген.

«Азиз Батукаевдин иши боюнча шектелип жаткан жарандарга жемкорлукка жана документтерди жасалмалоого катышкан деген айып тагылууда. Аталган кылмыш иштин алкагында мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев суракка алынды», — деп билдиришти ИИМден.

Эске салсак, Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши ушул жылдын январында жаңыланган. Ал боюнча ууруга рак дартын койгон дарыгерлер жана лаборанттар сурак берүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18