24.kg
13:58, 21 мая 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат

Сооронбай Жээнбеков Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат. Бул тууралуу мамлекет башчы Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алуу маалында белгилүү болду.

Жолугушууда элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине эки ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды. Президент чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чарага катыша турган ниетин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18