24.kg
12:25, 21 мая 2019, 24.kg

Ким кимге тууган. Мамлекеттик кызматкерлердин байланышын текшерүү талабы коюлду

Мамлекеттик кызматтагы жана мамлекеттин үлүшү бар ишканалардагы кызматкерлердин туугандык байланышын текшерүү табалы коюлду. Бул тууралууу «Апрель баатырларынын биримдиги» коомдук уюмунун өкүлдөрү бүгүн билдиришти.

Алар 2010-жылдагы революция үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы жасалганын, азыр кайра туугандык бийликти орнотуу аракети көрүлүп жатканын белгилешти.

«Мамлекеттин үлүшү бар компанияларда кимдер иштейт? Мамлекеттик кызматта ким, качан жумушка алынган? Кимдин тууганы? Баарын текшерип чыгуу керек. Мамлекеттик кызматка билимдүү, жөнөкөй адистер гана келишсин», — дейт уюмдун мүчөсү Кыргызбек Жумаканов.

Анын айтымында, туугандык башкаруу айрыкча аймактарда өтө күч.

«Жөнөкөй адамдын баласы азыр кызматка орношо албайт. Ал үчүн акча, же мартабалуу тууган керек. Мисалы, Кочкор районун 3 эле адам башкарат. Алар парламенттин депутатынын туугандары», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18