24.kg
12:16, 21 мая 2019, 24.kg

Дарыгерлер «Ак үйдүн» алдына митингге чыгышты. Айлыкты көтөрүү талабы айтылууда

Бишкектеги бейтапканалардын дарыгерлери «Ак үйдүн» алдына митингге чыгышты.

Photo 119751

«Айлык качан көтөрүлөт деп күтө берип тажадык. ЖМКда, президент, өкмөт башчы, аткаминерлер дарыгерлердин айлыгы көтөрүлдү деп айтып жатышат, бирок мындай эмес», -деди гинеколог Айсалкын Жунушалиева.

Ал билдиргендей, 11 миң сом айлык каралып, колуна 8 миң сом алууда.

Дарыгерлер аралаш кабыл алууну киргизгенге нааразы. 

Photo 119752

«Кесиптештер 8 ай окуудан өтүштү, жакында экзамен тапшырышат. Бирок, көпчүлүк аралаш кабыл алуудан коркушууда. Мен ушул себептен кайра окуудан өткөн жокмун», -деди Айсалкын Жунушалиева.

Чогулгандар индикатор боюнча ишти баалоону сынга алышты. Алардын айтымында, бул система боюнча алардын күнүмдүк иши бааланбайт.

«Индикатор боюнча мен 12 жумалык кош бойлуу аялды таап, аны каттоого алышым керек. Ал эми анын төрөткө чейинки жумуштарым эч кандай бааланбайт экен. Бул менин айлыгыма кедергесин тийгизбейби?», -деп суроо саалт гинеколог.

Чогулган дарыгерлер айлыкты эч кандай шартсыз көтөрүүнү талап кылышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18