24.kg
11:41, 21 мая 2019, 24.kg

Кара-Суу районунда сел жүрүп, элдин 25 бодо малын агызып кетти

Кара-Суу районундагы Ош-Папан-Кожо-Келең унаа жолунун 12-13-чакырым аралыктарында сел жүрүп, элдин 25 бодо малын агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык болгон жерге аталган министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, 27 куткаруучу барган. Мындан тышкары жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган.

Кырсыкта аккан малдын баары өлгөн. ӨКМ кызматкерлери менен айыл тургундары малдын өлүктөрүн Папан айылындагы жайытка кечки саат тогуздарда көмүп бүткөн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18