24.kg
15:30, 20 мая 2019, 24.kg

Украинанын ант берген президентти парламентин таркатты

Владимир Зеленский бүгүн Жогорку Раданын салтанаттуу жыйынында Украинанын президенти катары ант берди. Андан соң Мариинск паркына барып, Украинанын куралдуу күчтөрүн кабыл алуу жана мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатына катышты.

Салтанаттуу иш-чарага Латвия, Литва, Эстония, Грузия жана Венгриянын президенттери катышты. АКШнын делегациясын өлкөнүн энергетика министри Рик Перри баштап келди. Зеленскийдин инаугурациясына Виктор Януковичтен башка өлкөнүн бардык мурдагы президенттери чакырылган. Орусиянын өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн эмес.

Рададагы сөзүндө Зеленский Украина парламентинин азыркы курамын тарката турганын билдирди.

Күн мурун Украинанын буга чейинки президенти Пётр Порошенко Владимир Зеленскийди Орусия менен «саясий оюндарга» барбоого чакырган.

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петр Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73,22 пайызын, атаандашы 24,45 пайызын алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18