24.kg
16:51, 17 мая 2019, 24.kg

Бишкекте милиция ит тиштеп, сүйрөп бараткан 3 жашар баланы куткарып калды

Бишкекте тартип сакчысы Адилет Бекжанов табелдик куралын колдонуп, ит талап аткан 3 жашар баланы куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, окуя 16-майда саат 15:00 чамасында Бишкектин түндүк жагындагы «Дордой» базарынын жанында болгон.

Тартип сакчы күзөт постунда кызматын өтөп жаткан кезде, көчөдөн кичинекей баланын кыйкырган үнүн угуп, чуркап чыгып, кичинекей баланы ит тиштеп коё бербей жатканын көргөн. Топтолгон адамдар баланы иттен бошото албай убара болушкан. Ит баланы тиштеп алып сүйрөй баштаганда, Адилет Бекжанов табелдик куралын колдонгон.

Баланын иттен бошотуп, тез жардам кызматы аны ооруканага алып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18