24.kg
10:25, 17 мая 2019, 24.kg

Мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөштүн башында туруп берерин айтты

«Коррупция менен күрөш токтобойт — уланат. Бул күрөштө бир гана президенттин алы жетпейт. Менде эрк бар — президент катары бул күрөштүн башында мен туруп берем. Бирок муну каалабагандар дагы бар», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. 

«Жалпы эл, баарыбыз жапырт көтөрүлүп, каршы тура баштаганда гана коррупция токтойт. Коррупцияга аралашкан кандай чиновник болбосун, кайсы бийлик бутагы болбосун — жоопко тартылат. Жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары — силерге айтаар сөзүм. «Мен сага тийбейм — сен мага тийбе» деген мамиле менен жүрүп жатасыңар. Коркпой, мындай көрүнүштөр менен ачык күрөшкүлө. Андай кылбасак, мамлекетибизге, элибизге келечекте кыйын болот», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө муктаж болгон адам менен мамлекеттик чиновник беттеше баштаганда коррупцияга жол берилип жатканын жана экөөнүн ортосунда контакт болбой турган система ишке кирээрин айтты.

«Ошондо, биринчиден, бюрократия жок болот, экинчиден, коррупция жоюлат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18