24.kg
10:20, 17 мая 2019, 24.kg

Президент: Электрондук система- мамлекеттик бийликке кадыр-барк алып келет

Мамлекеттик кызматты электрондук форматка өткөрүү боюнча жергиликтүү бийликтин активдүүлүгү талап кылынат. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл областынын Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

«Электрондук система мамлекеттик бийликке кадыр-барк алып келет. Ооруканада, мектепте, мекемеде, пенсияны берүүгө чейин автоматташтырылат. Ал үчүн жергиликтүү бийлик даяр болгула. Мурункудай бир справка алыш үчүн кезекке туруп, эшик каккылаган токтойт. «Санарип аймак» платформасын дагы ишке киргизебиз. Мамлекеттик органдар «барам, жасайм» деп коесуңар, бир айга чейин жүрө бересиңер, силерден уруксат алыш кыйын. Ишкана курам дегендерге жардам бергендин ордуна бюрократия кылып, тоскоолдук жаратасыңар. Ушунун баарын токтоткула», — деп президент  тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылды.

Эске салсак, мамлекет башчы 2 күндүк иш сапар менен Ысык-Көлдө жүрөт. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18