10:52, 16 мая 2019, 24.kg

Санариптештирүү: банктарда жеке маалыматы бар справка үчүн акы төлөө керек

Банктарда эсеп ачып жатканда жеке маалыматтары бар справка үчүн акы төлөөгө туура келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Улугбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында, 2 жылдан бери Кыргызстанда биометрикалык паспортторду берүү өнөктүгү уланып келет.

«Бизге чиптерде жеке маалыматтар сакталып турат деп убада кылышкан. Бирок, банктарда аны окуй ала турган аппараттар жок. Эсеп ачууда кардардан справка талап кылышат, аларга акы төлөгөндө гана справка беришет. Бишкекте ушундай көрүнүш, ал эми аймактарда эл КТБга барууга туура келет», -деди депутат.

Ал билдиргендей, баардык жерге окуй турган аппараттарды орнотуу керек же болбосо эски үлгүдөгү паспортторго өтүү зарыл.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18