16:15, 15 мая 2019, 24.kg

Кыргызстанда Жол коопсуздугу жылын жарыялоо сунушталды

Кыргызстанда Жол коопсуздугу жылын жарыялоо сунушталды. Мындай сунушту Темир Жумакадыров атындагы фонд көтөрүп чыкты.

Жол кырсыгында каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиеванын айтымында, жакында өткөн Жол коопсуздугу жумалыгында бир катар иш-чаралар уюштурулду. Анда балдарга сабактар, лекциялар өтүлдү.

«Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, бир жарым ай ичинде 42 миңге жакын айыппул чыгып, анын ичинен 25 миңи ылдамдыкты ашырган айдоочуларга карата салынган. Алар өз коопсуздугун ойлобогондугун көрсөтүп турат. Ошондуктан мамилени өзгөртүп, эл аралык стандарттарды киргизүү зарыл», — деди Нора Сүйүналиева.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18