Бир жылда өлкөдөн 7 миңден ашык адам туруктуу жашоого башка өлкөгө чыгып кеткен
2018-жылы 7 миң 100 адам адам туруктуу жашоо үчүн башка өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
Кыргызстанга келгендерге караганда, кеткендердин саны арбын.
2018-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн 1 миң 700 адам келген, ал эми 7 миң 111 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Калктын миграциялык агымы −5 миң 400 кишини түздү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, чет өлкөгө чыгып кеткендердин көпчүлүгү дагы Россия жана Казакстанга сапар тартышат. Эмигранттардын эң көп этникалык тобун орустар (37 пайыз), кыргыздар (30 пайыз), өзбектер (15 пайыз), украиндер (3 пайыз) жана татарлар (2 пайыз) түздү.