11:17, 15 мая 2019, 24.kg

Салайдин Авазовдун пенсиясынан соттолгондугу тууралуу чечимди алып салууну айтты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭбин модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Сотко Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүн «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазовдун жактоочусу соттолуучунун пенсиясынан соттолгондугу тууралуу чечимди алып салууну өтүндү.

«Соттолуучунун жашаган жери боюнча анын 5 баласы жана жубайы жашайт, алардын 3өө жашы жете элек жеткинчектер. Улуттук статистикалык комитеттин схемасы боюнча алар 31 миң сомго жашашы керек. Ал эми Салайдин Авазовдун пенсиясы 25 миң сомду түзөт, бул каражатка жашоого мүмкүн эмес. Соттолучунун пенсиясынан соттолгондугу тууралуу чечимди алып салууну өтүнөм», -деди ал.

«Сот каражатты берүүнү көзөмөлдөй албайт. Мен алардын 25 сомдук пенсияга гана жашап жатканына күмөнүм бар. мындан улам өтүнүч кабыл алынбайт», -деди судья.

Эске салсак, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаевге жемкордук беренеси тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18