10:20, 15 мая 2019, 24.kg

Президент УКМКнын төрагасынын отставкасын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, бүгүн УКМКнын төрагасы отставкага кетүү тууралуу арызын жазган. Идирис Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине козголгон ишке байланыштуу, коомдук пикирден улам иштен кетип жатканын маалымдайт.

«Коомдо паспорт чыгарууга бланк сатып алуу боюнча козголгон иштин алкагында кызуу талкуу жүрүүдө. УКМКнын түшүндүрмөлөрүнө карабай, тергөө калыс эмес жүрүп, ага менин таасирим бар экендиги боюнча божомолдор айтылууда. Мындай божомолдорду четке кагуу үчүн отставкага арыз жазуу чечимин кабыл алдым», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18