24.kg
09:50, 15 мая 2019, 24.kg

Дагы бир судья Кыргызстандан качып кетти

Дагы бир судьяга издөө жарыяланды. Чүй облусуна караштуу Москва райондук сотунун мурунку төрагасы Феликс Марлес Кыргызстандан качып кетти. Бул маалыматты УКМК тастыктап, ага издөө жарыяланганын билдирди.

Феликс Марлес 2018-жылдын күз айында кызматынан четтетилген. Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу макулдугун берген. Ал пара берүүгө айыпталып жатат. «Дело №...» гезитинин маалыматы боюнча, ал акчаны УКМКнын коррупцияга карщы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине сунуштаган. Феликс Марлес өзү чыгарган соттук чечимдерди текшерүүгө уруксат бербей, пара берүүнү каалаган. Ал караган иштин баары жер аянты боюнча талаш маселелер болгон.

Маалыматка ылайык, судья Түркияга качып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18